Menu

Ош облустук казыяты “Ыйман, адеп жана маданият” жылында 4317 иш чара уюштурууга жетишкен

Бөлүшүү:

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде Ош облустук мусулмандар казыятынын жылды жыйынтыктоо жыйыны болуп, анда облус казысы КРнын Президентинин 2017-жылды «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын жана КРнын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү саясатты өнүктүрүү концепциясы жөнүндөгү» Жарлыгын аткаруунун алкагында  Ош облустук казыятынын 2017-жылдагы жылдык планынын 39 пункттан турган иш чаралар планына ылайык 4317 иш чара уюштурулуп, аталган иш чаралар облус аймагындагы дин кызматкерлери, укук коргоо органдары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ишке ашырылгандыгын белгиледи. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул иш-чаралар негизинен коомчулук арасындагы ар түрдүү терс көрүнүштөргө бөгөт коюу, жарандардын ортосундагы мамилелерде жана жаштар арасындагы жүрүм-турум эрежелеринде кездешип жаткан жат көрүнүштөрдү жоюу жана коомчулукка туура адеп-ахлактык маданиятты жайылтуу багытында уюштурулган. Ошондой эле дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн 16 жолу семинар уюштурулуп, жалпысы 600дөн ашуун мечит имамдары билим алышкан. Мындан сырткары мектеп окуучулары үчүн тарбиялык саат катары 3254 иш-чара, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн 76 лекциялык жолугушуулар, 26 социалдык долбоорлор, маалымат каражаттары аркылуу 500дөн ашуун программалык иш-чаралар, диний окуу жайлардын студенттери арасында Куран жарыш жана китеп окуу сынактарын өткөрүү боюнча 7 иш-чара, 200дөн ашуун семинар, окуу курстары жана тренингдер уюштурулган.

Жылды жыйынтыктоо жыйынынын жүрүшүндө казыят кызматкерлери да жыл ичиндеги жетишкендиктер менен кемчиликтерге токтолуп, 2017-жылга кабыл алынган казыяттын стратегиялык планын аткаруудагы иш-аракеттерге талдоо жүргүзүп, презентация жасашты. Соңунда 2018-жылга карата жылдык иш-план түзүүдөгү негизги багыттар аныкталып, чечим кабыл алынып, 2017-жылдын мыкты кызматкерлери сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: