Бүгүн, 4-январда Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылындагы баптисттердин “Бардык элдердин сыйынуу үйүн” өрттөп кетишкен. Караңгы түндөн пайдаланган белгисиз адамдар сыйынуу үйүнүн терезесин талкалап, ал аркылуу үйдүн ичине бензин чачып, анан от коюшкан. Бул тууралу маалыматты Владимир Цай аттуу блогер сүрөттөрү менен жарыялады.
Баптисттердин сыйынуу үйү Кажы-Сайга 1998-жылы курулуп, ошондон бери иштеп келаткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ