Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган ирандык укук коргоочу Ширин Эбади ирандык демонстранттарды нааразылык акциясын улантууга чакырды.
Эбадинин айтымында, Иран Конституциясы жарандардын нааразылык билдирүүсүнө уруксат берет. Ал өкмөткө экономикалык кысым көрсөтүп, кыйноолорду токтотуу үчүн ирандыктарды мамлекеттик банктарда сактаган акчаларын алууга, салыктарды, коммуналдык эсептерди төлөбөөгө үндөдү. “Эгер өкмөт сиздерди 38 жылдан бери укпай келсе, демек, азыр алардын айткандарын тоготпой коюуга мезгил жетти”, – деди Эбади.
Иранда бийликке каршы митингдер башталгандан бери тогуз күн өттү. Бейшембидеги демонстрациялар жума башына салыштырмалуу канчалык басаңдаганы азырынча так белгисиз. Толкундоолор 22 адамдын өмүрүн алып, миңдей кишинин камалышын шарттады.
Шаршембиде күндүз Ирандын бир нече шаарында өкмөттү жактаган миңдеген адамдар жүрүш уюштурушту. Өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келе жаткан жогорку диний жолбашчы Аятолла Али Хаменеи 2-январда демонстрациялар боюнча өлкөнүн “душмандарын” айыптап, бирок кайсы бир мамлекеттин атын так атаган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ