Menu

Активист Игорь Трофимовду Фейсбуктагы посту үчүн 4 жылга эркинен ажыратышты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2017-жылдын 7-декабрындагы өкүмүнө ылайык, активист Игорь Трофимов КР Конституциясынын 299-берененин 1-бөлүгүнө (Улуттук, расалык, диндик же регион аралык кастыкты козутуу) ылайык күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, буга чейин, 2017-жылдын 25-майында укук коргоо органдары Свердлов райондук ИИБи тарабынан “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” атындагы укук коргоо борборунун жетекчиси Игорь Трофимов Фейсбуктагы улут аралык кастыкты козутуп жазган посту үчүн кармалгандыгын маалымдашкан.

Ага чейин Игорь Трофимов КР Ички иштер экс-министри Мелис Турганбаевдин дарегине ачуу постторду жазып кармалып, кийин бошотулган эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: