Menu

Душанбеден Самарканд жана Бухарага авиакаттамдар ачылат

Бөлүшүү:

Тажикстан “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясынын Самарканд, Бухара жана Душанбе арасында авикаттамдарды ачуу сунушун колдоду. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын транспорт министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

“Бул маселе боюнча чечим кабыл алынды жана өзбек тарапка жооп жөнөтүлдү. Жаңы каттамдар жакынкы келечекте ачылат”, – дешти министрликтен.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиабайланыш чейрек кылымдык тыныгуудан кийин 2017-жылы февралда жандандырылган. Учурда “Өзбекстан аба жолдору” Ташкенттен Душанбенин эл аралык аэропортуна жумасына бир жолу каттайт.

Эки өлкө ортосундагы авиакаттам 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: