Жыл башынан бери эле бул жыл кырсыктуу болуп, Дача-СУ окуясынан, жер көчкү, жол кырсыктарынан канчалаган мекендештерибизден ажырап калдык.
Темир уулум, биз көрбөгөн мейкиндикте жүрөсүң
Автокырсыктан көз жумган кыргыздын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровдун атасы Курмангазы Жумакадыр уулу кан жутуп, уулуна арнап ыр жазды…
Качандыр бир мен жаныңа барамын,
Кайта келгис жалгыз жолдон тосуп ал.
Жүрөгүмдүн сагынычы жазылаар,
Сага айтар түгөнбөгөн сөзүм бар.
Аалам ээси чакырган соң күтүүсүз,
Жашоом өтөт кайгы менен сени эстеп.
Бала чактай жүрсөң керек жанында,
Чоң атаңа, чоң энеңе эркелеп.
Биз көрбөгөн мейкиндикте жүрөсүң,
Бейиш бакта, анда гүлдөр ачылат.
Үй-бүлөлүк күлүп түшкөн сүрөттөн,
Карегиңден өмүр оту чачылат.
Келдибек Назиров кесиптешибиз да эскерүүгө айланып калды
2015-жыл аяктап, 2016-жыл кирип келерине саналуу күндөр калган эле. Анда «Жаңы Агым» гезити жарыкка чыгып жүргөн учур болчу. Дал бүгүнкүдөй эле гезиттин акыркы санын даярдап жаттык. Белгилүү журналист маркум Келдибек Назиров жылдын жоготуулары боюнча макала дайындап жатты. «Бул жылы кимди жоготтук, эстегилечи, дагы ким бар эле?» деп, ал жылы жоготкон адамдарыбызды четинен эстеп, эскерип жаттык. Бир-эки жыл өтүп-өтпөй өзү да ал адамдардын катарында болуп каларын кайдан билсин? Кечээ эле арабызда жадырап-жайнап жүргөн Келдибек байке бүгүн минтип эскерүүгө айланып отурат.
Буюккан муун бук бойдон кетти
Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун арабыздан жаш кеткен таланттуу адамдарга арналган «Буюккан муун» аттуу портреттер сериясы бар. Билип-билбей, байкап-байкабай биз да бул жылы канчалаган таланттарды колдон учурдук. Болгондо да кырктын кырындагы таланттар. Жыл башында эле модель кызыбыз Жибек Нукеева, композитор Азат Дөөткулов, кыргыз эстрадасынын булбулу атыккан, белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы, кыргыз элинин дагы бир шайыр жеңеси, эстрада жана фольклор ырчысы Гүлбү Ороскул кызы, КР эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев, улуттук филармониянын алдындагы «Эл шайырлары» тобунун көркөм жетекчиси Мурадил Сагыналиев ж.б. Буюккан таланттардын көкүрөктөрүндөгү буктары, таланттары ачылып-ачылбай, алар бизге баркталып-баркталбай колубузудан учуп кетти.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ