Сүйлөшүүлөр учурунда Түндүк Кореянын Пхёнчхандагы Олимпиадалык оюндарга катышуусу, Корей жарым аралындагы абал талкууланат. Бул тууралуу Түштүк Корея министрлер бирикмесинин өкүлү маалымдады.
Жаңы жылдык куттуктоо алдында Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньян Сеул менен ачык диалогго даяр экенин жана Пхёнчханда өтө турган Олимп оюндарына улуттук курама командасын жөнөтүүгө ниеттенип жатканын айткан. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Ким Чен Ындын бул демилгесин колдогон.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын 3-январда жабык байланыш линиялары аркылуу Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырган. Кышкы Олимпиада 9-феварлда Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында башталып, 25-феварлга чейин созулат.
Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгесин АКШнын президенти Дональд Трамп колдооду. Коргоо министрлиги 2018-жылдын башына белгиленген. Түштүк Корея менен бирге өтө турган аскер машыгууларын кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алды. Буга чейин Пхеньян аскер машыгууларын өткөрүүнү айыптаган.
Былтыр декабарда АКШ Түндүк Кореяга карата санкцияларды кеңейткен. 22-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши баллистикалык ракеталарды сынаганы үчүн Пхеньяга карата жаңы чектөөлөрдү киргизген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ