Menu

Кыргыз-Түрк Манас университетинин студентин кыргыздар тууралуу айткан шылдың сөздөрү үчүн окуудан чыгарышты

Бөлүшүү:

Кыргыз-Түрк Манас университетинин, теология факультетинин 1-курсунда окуган Омер Йенерди Бишкектеги жаңы жылды тосуу майрамы туурасында айткан шылдың сөздөрү үчүн окуудан чыгарышты. Бул туурасында аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, студенттин майрам жөнүндө шылдыңдап сүйлөгөн сөздөрү жазылган видео соцтармактарга тарап, элдин кыжырын келтирген.

ЖОЖ билдиргендей, жарыяланган материал университеттин консепциясына жана духуна каршы келет жана жалпы коллективдин эмес жеке адамдын гана көз карашы.

“Бул студенттин кылыгына университеттин “Дисциплинардык инструкциясына” жараша укуктук баа берилди жана Омар Йенерди окуудан чыгарып, кайра кирүү укугунан ажыратуу чечими кабыл алынды”, – деп жазылган билдирүүдө.

Студент Омар Йенер 1-январь күнү Инстаграммга жарыяланган видеотасмада жердештерине минтип кайрылган: “Бул жака эч качан келбегиле, билет сатып алган болсоңор кайра артка тапшыргыла. Мындай мамлекет жок. Орустар менен кыргыздар аралашып кетишкен, булардын кимиси орус, кимиси кыргыз экенин түшүнбөйсүң. Алтургай булар согушканды да билишпейт. Булар болгону 6 миллион гана экен” деп.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: