2017-жылдын 30-декабрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кой-Таш айылынын 60 жаштагы Т.С. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 29-декабрь түнү белгисиз адамдар анын короосунда байланып турган жылкысын кулуну менен уурдап кеткенин билдирген. Арыз ээсине келтирилген чыгым 100 000 миң сомду түзгөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы Т.Т. аттуу жашоочусу кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ