Menu

28-январга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери улантылууда

Бөлүшүү:

2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери улантылууда. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Жарандардын шайлоочулардын тизмесинен өзүлөрү тууралуу маалыматтарды тактап алуу мүмкүнчүлүктөрү бар:

– 2018-жылдын 13-январына чейин – кезектеги шайлоо өтө турган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңештериндеги 2 жергиликтүү жамааттын тургундары

– 2018-жылдын 17-январына чейин – мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таш-Көмүр шаардык, Кара-Жыгач, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара- Балта шаардык, Кемин районунун Кара-Булак жана Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештериндеги 9 жергиликтүү жамааттын тургундары.

Өзүңүз тууралуу маалыматты төмөнкүдөй жолдор менен тактасаңыз болот:

-катталган жериңиз боюнча өз шайлоо учаткаңыздан

– www.shailoo.srs.kg порталынан

– 119 номери боюнча кайрылып (МКК call-борбору);

– ПИНиңизди көрсөтүү менен 119 номерине смс-билдирүү (14 сандуу идентификациялык номер).

Телефон чалуу жана смс-билдирүүлөр акысыз

Жеке маалыматтарыңызда ката же так эместиктер табылган жана шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда жарандар катталган жери боюнча УШКга ID-картасынын көчүрмөсүн тиркөө менен №3 формадагы арыз менен 2018-жылдын 13-январына чейин (кезектеги шайлоо боюнча), 17-январына чейин (мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча) кайрылууга укуктуу.

Ал арыз (Форма №3) токтоосуз УШК тарабынан МККга кароо жана иштеп чыгуу үчүн жиберилет.

Маалымат үчүн: Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон, шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

Биометрикалык катоодон өтпөй калган жарандар бул жол-жобону жашаган жери боюнча МКК органдарынын биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттардын даректерине кайрылып өтүүгө болот. Эскертебиз, биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: