Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын соода жана ѳндүрүш палатасынын Вице-президенти Мохаммед Ахмед Туар Аль-Кавари менен жолукту. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу айтып, соода-сатык, айыл-чарба, тоо-кен, энергетика, туризм, инфраструктура багыттарында кызматташууну сунуштады. Ал кыргыз айыл-чарба продукцияларынын жогору сапатта жана арзан экендигин баса белгилѳѳ менен аларды Катар Мамлекетине экспорттоону сунуш кылды. Тараптар 2018-жылы аткарыла турган иш-аракеттерди талкуулашып, кыргыз жана катарлык ишкерлеринин ѳз ара карым-катнашын бекемдѳѳнү макулдашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ