Копенгагенде баасы $1,3 миллион турган арак уурдалганын кечээ, 5-январда vesti.ru. жазып чыккан.
Арак коллекционери ууру барда болгону 3 мүнөт турганын айткан. Ал эмне үчүн келатканын билген. Анын максаты алты килограммдык күмүштөн жана алтындан жасалган “Руссо-Балт” бөтөлкөсү болчу деген. Ал арак дүйнөдөгү эң кымбат арак болуп эсептелинет.
Ал эми РБК ошол эле күнү кечинде жоголгон арактын куру бөтөлкөсү курулуштардын биринен табылганын жазды.
Кафенин ээси Бриан Ингеберг бөтөлкөдө арактын жок калганын, бирок бөтөлкөнүн табылышына ыраазы экенин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ