Menu

Тимур Саралаев, “Жаңы муун” лидери: “Дайыр Кенекеевге окшогондор өкмөттүн ишине пайда алып келе алат”

Бөлүшүү:

-Тимур мырза, бүгүн кыргыз саясатында Өмүрбек Бабановдун башына кара булут айланууда. Ага карата алгачкы «сюрприз» катары өздүк телеканалын басып алуу башталганы маалым болду. Адатта башына иш түшкөн саясатчыга сиздердин «Жаңы Муун» кыймылындагы жаш саясатчылар «арзууңарды» билдирип, тилектештик кыла пикет-митинг өткөрө койгонго кыйын элеңер. Бул сапар Бабановго карата андай боор тартканыңар байкалбайт го? Же ортодо эки тараптуу сүйлөшүү болгон жокпу?

-Мен чынында Өмүрбек Бабановду сыртынан эле тааныйм. Аны менен бир да жолу, маселен, мен жана биздин кыймылдагы жигиттер сүйлөшүп, пикир алышып көргөн эмеспиз. Тагыраагы, эч кандай мамилебиз жок. Экинчиден, биздин саясый көз караштар ар башка. Ал өзүнүн жолу менен жүрүп жатты, биз башка идеологиялык жактан пикир келишкен саясый топтор менен пи­кир алышып жаттык. Албетте, учурдагы кандайдыр бир деңгээлде НТС телеканалына болуп жаткан иш-чаралар өз учурунда эртедир-кечтир коомчулук тарабынан баасын алат. Ал эми тилектештик боюнча, айрымдар ойлогондой же каалагандай, биз «дежур» жигитгерден эмеспиз да. Кайсы Жерде өрт чыкса чуркап ба­ра калып, элди топтоп чыга бергендей… Биздин кыймыл үчүн дагы объективдүүлүк жа­на өлкөнүн туруктуулугу, сая­сый стабилдүүлүгү маанилүү.

Алар биз үчүн да абдан кымбат нерселер. Мисалы, сүйлөшүүлөр болгон күндө дагы мамилебиз жана саясый көз караштарыбыз дал келишпесе, таанышып калган күндө дагы биз колдоо кыларыбыз абдан күмөн болчу. Туура, учурунда Өмүрбек Текебаевди биз колдодук. Анткени, айрым маселелер боюнча биз социалисттер менен үндөш болгондуктан, аны колдоп келдик. Тилекке каршы, Баба­нов менен Текебаевдин туруктуулук, принциптер жагынан айырмачылыктары бар экен. Аны калың журт деле көрүп, түшүнүп турат. Мына, ошол жогоруда айтылган нерселер бизге жана башка бир топ са­ясый топторго тилектештикти билдирүү боюнча чоң жолтоо болду.

– Өкмөттөгү акыркы кадрдык өзгөрүүлөр боюн­ча оюңуз кандай? Кыргыздын маңдайына Кулматов, Зилалиев, Абдыгуловдор гана жазылгандай саясаттын уланып жатышына не дейсиз?

– Азырынча Сапар Исаков жетектеген өкмөткө баа берүү али эрте. Өзгөчө жакында эле өткөн шайлоону эске алганда, эртелик кылат го. Ошондуктан убакыт керек. Мейли, ал кадр саясаты болобу же алар кабыл алып жаткан чечимдериби, аларды аткаруу боюн­ча милдетгер кандай аткарылат, аларды убакыт көсөтөт. Ал эми айтылуу Кулматов, Зилалиев, Абдыгуловдордон тышкары деле өкмөттө башка кадрлар бар. Маселен, учурдагы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев сыяктуу өз ишин жакшы билген мык­ты кадрларды алсак болот. Мен ойлойм, ага окшогондор өкмөттүн ишине пайда алып келе алат. Калганын убакыт көрсөтөт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: