Бишкек шаарындагы “Ыйман” маданий комплексиндеги билим берүү борборунда билим алышкан энелер өз каражаттарынан атайын тамак-аш жарманкесин уюштурушуп, андан түшкөн каражаттарды муктаждарга таратып беришти. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми “Ыйман” маданий комплексинин башкы имам хатиби Ниматилла ажы Рыскуловдун айтымында иш чара кайрымдуулукту күчөтүү жана муктажрага жардам берүү максатында уюштурулуп, аз камсыз болгондоду колдоого багытталган.
“”Ыйман” маданий комплексинде билим алышкан энелерибиз пенсияларынан акча топтошуп, тамак-аш жарманкесин уюштурушуп, андан түшкөн акча каражатын мечиттин жанындагы тилемчилерге жана муктаждарга таратып беришти. Бул жамаат үчүн да энелерибиз үчүн да жакшы иш чара болуп калды”,- деди Ниматулла ажы Рыскулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ