Американын Сент-Луис шаарындагы зоопаркта Бингва деген аты бар уургачы гепард 8 мыймый тууду: үчөөсү эркек, бешөөсү уургачы. Адатта гепарддар үч-төрт эле мыймый тууйт. Азыр бул чоң мышыктардын үй бүлөсү тыңып калышты.
Бингва – суахили тилинде “Чемпионка” дегенди түшүндүрөт, ошондуктан ал өз атын актады. Зоопарктын жетекчилиги Бингванын эмгегин баалап, балдарын өстүрүш үчүн ага кенен, чоң квартира – капас бөлүп беришти.
Булак: евроньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ