Санкт-Петербург шаарынын ооруканалырын биринде улгайган аял беш саат врачтын жардамын күтүп отуруп каза болду. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгон аялдын небересинин журналисттерге билдиргенине караганда, чоң энеси өзүн начаар сезип жатканын күндүзгү экилер чамасында айткан. Бир сыйра карап инсульт алдындагы абал экенин түшүнгөн небереси тез жардам кызматын чакырткан.
“Үч саатка жакын биз кабылдамада отурдук, андан соң аны реанимациялык эмес неврологиялык бөлүмгө киргизишти. Чоң энеме эки жолу медайымдар келип, кан басымын өлчөп, валидолдун таблеткаларын берип коюп жатышты. Менин “Врач кайда?” деген суроолорума, азыр келе албайт деп жооп берип жатышты”, – деп айтып берген ал.
Ооруканадан эле пенсионер айым көкүрөк тарабы ооруп жатканын айткан. Саат 18:55те небереси чоң энесин калтырып кетүүгө аргасыз болгон, ал эми бир аз убакыттан кийин эле ага телефон чалышып, тууганынын өлүмү туурасында угузушкан.
Учурда изилдөө органдарынан эч кандай комментарий угула элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ