Menu

Кыргызстандык кыз Армениянын чек арасынан Иранга уурданып өтүүгө аракет кылып колго түшкөн

Бөлүшүү:

Жаңы жыл майрамы алдында, 29-декабрда Кыргызстандык 29 жаштагы кыз Наргиз Умарова бир нече киши менен бирдикте Армения менен Ирандын чек арасынан жашыруун өтүп кетүүгө аракет кылышкан учурда Армениянын коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Кыргызстандык жарандар Батыш тарапка кетүүгө виза алалбай Мексика аркылуу Америкага мыйзамсыз өтүп кетүүгө же Армения аркылуу Иранга өтүп, андан ары башка өлкөлөргө кетип калуу аракеттерин көптөн бери жасап келатышкандары маалым. Кыргызстанда үй бүлөсүн же өзүн бакканга каражат табуу үчүн жумуш издеп таппай түңүлгөндө ушундай жолдорду тандаган жарандар көбөйдү. Кыязы Наргиз Умарова да ушул жолду тандагандардын бири болсо керек.

Колго түшкөн Наргиз Умарованы Армениянын коопсуздук кызматкерлери  “Амкор Армения” кайрымдуулук фондуна убактылуу, текшерүүлөр бүткөнчө деп  жайгаштырышат. Ал эми Наргиз Умарованы ал мыйзамсыз аракетке тарткандар,  уюштуруучулар абакка алынып, кылмыш иши козголот.

4-январда Наргиз Умарова өзү жаткан “Амкор Армения” кайрымдуулук фондунун имаратынын экинчи кабатынан секирип, сөөк-сабагын сындырып ооруканага жеткирилет да 5-январда ага операция жасалат.

Армениянын тергөө органдары Наргиз Умарованын ден соолугу жакшыргандан кийин Кыргызстанга депортация болорун Кыргызстандын Россиядагы жана Армениядагы элчилигине билдиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: