Menu

1-январда 3 адамды мылтык менен атып, карактап кеткен кылмышка шектүү катары Таэквондо боюнча дүйнө чемпиону Владислав Лапин кармалган

Бөлүшүү:

1-январдын түнүндө Москва районунун Ак-Суу айылында бир үй-бүлөнүн эки мүчөсүн мылтык менен атып өлтүрүп, бирөөсүн оор жарадар кылып, ири суммадагы акчасын жана алтын буюмдарын карактап кеткен кылмышка шектүү катары Таэквондо боюнча дүйнөнүн чемпиону Владислав Лапин кармалганы белгилүү болду.  Бул тууралу vesti.kg сайты жазып, сүрөтүн жарыялады.

Үй-бүлөнүн үч мүчөсүн аткан мылтык Владислав Лапиндин үйүндө сакталган анын чоң атасынын мылтыгы болуп чыкты.

Эсиңиздерге сала кетсек, 1-январда, болжол менен саат 04.00.дө Москва районунун Ак-Суу айылында жаңы жыл майрамын майрамдап жаткан үй бүлөгө бетине кара беткап кийген бир нече куралдуу адамдар кол салышып, үйдүн 69 жаштагы ээси К.М.ны, анын 45 жаштагы кызы П.И.ни мылтык менен атып өлтүрүшкөн. Ал эми 45 жаштагы күйөө баласын алкымга аткандыктан катуу жарадар болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер үй ээсинин ири суммадагы акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкен болучу.

Москва райондук милициясы КР кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” жана “карактоо” беренелери боюнча кылмыш ишин ачып, иликтөөгө киришкен. 2-январда Чүй облустук милиция менен бирдикте 3 шектүү жаран кармалган. Кылмышкерлер Чүй облусунун Аламүдүн районунун жана Бишкектин тургундары: 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В., жана 20 жаштагы Д.К. болуп чыкты. Алардын баары азыр тергөө абагында.

Кармалгандарды тинтүү учурунда алардын жанынан уурдалган акчанын 93 миң сому табылды. Андан сырткары кылмышка пайдаланылган мылтык менен автоунаа кармалган.

Арадан дагы бир күн өтүп, дагы 3 кылмышкер кармалган. Алдын-ала маалыматтар боюнча өлтүрүлгөн үй ээлери колбаса чыгаруучу цехте иштеп, ошол күнү жумушчаларга айлыкка таратуу үчүн 800 миң сом акча алып келе тургандыгы кылмышкерлерге белгилүү болгондуктан карактоого 6 адам биригип келишкен.

Владислав Лапиндин коңшулары анын мындай жолго барганына ишенбей турушканын, мылтык уурдалган болуш керектигин жана кылмышты уюштуруучу Владислав эмес Камил деген бала болуусу мүмкүн деген божомолун да журналисттерге айтышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: