Австриянын борбору Вена шаарында Мухаммед деген ат популярдуулук боюнча үчүнчү орунду ээледи. Бул туурасында Kronen Zeitung гезитине шилтеме жасап lenta.ru билдирет.
“Бул официалдуу түрдө далилденди: 2017-жылдагы эркек наристелерге коюлган эң көп ат Александр жана Максимилиан, ал эми мусулманча Мухаммед деген ат үчүнчү орунда турат”, – деп жазылат гезиттин материалдында.
Аттын ар кандай жазылыштары дагы эске алынгандыгы белгиленет. Мисалы: Мухамед, Мухаммет, Мохамад, Мухаммад и Мухаммед.
Wiener Zeitung гезити жаңы төрөлгөн наристелердин аттарынын канчасы жогорудагыдай аттарды койгондугун так келтирет. 2017-жылы Венада 175 Александр, 161 Максимилиан жана 159 Мухаммед жарык дүйнөгө келген.
Кыздардын арасында София (183 наристе), Сара (173) жана Анна (142) лидерлик кылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ