Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Рождество майрамы элибиздин биримдигин чыӊдап,  өлкөдөгү ынтымакты сактоого зор салым кошот”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Кымбаттуу мекендештерим!

Урматтуу православие динин туткан кыргызстандык жарандар!

Сиздерди Рождество майрамы менен куттуктайм!

Эки миң жылдан  ашуун  мезгилден бери бул майрам адамдарга аруулук  тартуулап, жаркын сезимдерге бөлөп, мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн, ырайымдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн баалуулуктарына  сугарып, жүрөктөргө үмүт шооласын чачып келет. Ал баарыбызды асыл ойлорго  жана кайрымдуу иштерге, адамды сүйүүгө жана урматтоого  чакырат.

Рождество майрамы элибиздин биримдигин чыӊдап,  өлкөдөгү ар кандай  конфессиялар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту  сактоого зор салым кошот. Туткан динине жана этносуна карабастан, кыргызстандыктар бардык чоң майрамдарда жана маанилүү окуялар учурунда бири-бири менен тилектештик сезимин билдирип,  кубанычтарын тең бөлүшөт.

Кымбаттуу мекендештерим!Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакубатчылык жана зор бакыт каалайм.

Жаңы 2018-жыл Кыргызстан элине ынтымакты  жана гүлдөп-өнүгүүнү  алып келсин!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: