Россиянын иликтөө комитети Новосибирсктеги өрттөнүп кеткен фабрикага ээлик кылган үч адамды кармады. Бул туурасында орус ММКлары жазып чыгышты.
Өрттүн натыйжасында он адам каза болуп алардын экөө Кыргызстандын жарандары болгон.
ММКлардын маалыматына ылайык, кармалган жарандардын экөө Искитимдин тургундары – атасы жана уулу, бирөөсү Новосибирсктин жашоочусу. “Учурда алар Искитим ИИМинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – деп жазылат «Курьер. Среда» басылмасы жазган материалда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ