Сүрөттө солдон биринчи депутат Төрөбай Зулпукаров, оротодо бизнесмен Жоомарт Акжол уулу
Кечээ жана бүгүн, 6-7-январда Ноокат районунун Кара-Таш айылында Бишкектеги “Оомат” курулуш компаниясынын ээси Жоомарт Акжол уулу дүңгүрөтө сүннөт той берип, чоң улак тартыш оюнун өткөргөн. Улак тартышка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан миңден ашык улакчы келишкен. Тойго КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров да катышкан. Бул тууралу бизге Ноокаттыктар телефон аркылуу билдиришти.
Улак тартыштын байгесине 25 тай, 20 төө жана 1 машина сайылган. Той жана улак тартыш аябай кызыктуу өттү деп билдиришет биздин булактар.
Кара-Таш айылы Ноокат шаарынан 3 чакырым эле алыстыкта турат. Бул айылдан ЖКнын экс-спикери акжолчу Айтибай Тагаев, экс-вице-спикер сдпкчы Төрөбай Зулпукаров жана анын досу, бизнесмен Жоомарт Акжол уулу чыгышкан деп кошумчалашты.
Жоомарт Акжол уулу 1975-жылы Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган.
1994-жылы Ноокаттан Бишкекке көчүп келип, Ош базарында 1 жыл жвачка сатып бизнесин баштаган.
1995-жылдан 2003-жылга чейин Бишкектеги “Дордой” базарынан Россиянын Ростов-на-Дону шаарына кытай товарларын ташып сатып бутуна турган.
2009-жылы Бишкекте байпак токуучу чакан фирма ачып, байпак чыгарып сатып байыган.
Ошол жылдары СДПКчы Төрөбай Зулпукаров да Бишкектен Ростов-на-Дону шаарына байпак ташып байыганы айтылып жүрөт. Кыязы Жоомарт Акжол уулу менен ошондо эле бизнеси бир болгон окшойт.
Андан кийин терек сатуу бизнесин өздөштүрүп, Ноокаттын шуулдаган теректерин Бишкекке чейин ташып-сатып жакшы иш кылган дешет.
2013-жылы СДПКчы Төрөбай Зулпукаров ЖКнын вице-спикери болуп шайлангандан кийин бизнесмен Жоомарт Акжол уулу Бишкекте “Оомат” деген аталыштагы курулуш компаниясын ачып, шаарда көп кабатту үйлөрдү куруп сата баштаган.
Жоомарт Акжол уулу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ