Menu

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде иштеген жергиликтүү 370 кызматкерди жумуштан айдады

Бөлүшүү:

Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошотту. Бул тууралуу тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Абдижалил Ташматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ишкана жумушчулардын маянасын азайтып, аларды иштен кетүүгө аргасыз кылды:

– Кытай компаниясы иштеп эле жаткан кызматкерлерди келишимин токтотуп, жаңы жылдан баштап жаңы, убактылуу эмгек келишимин сунуш кылган. Анда жумушчулардын айлыгын 30% азайтып, бир топ шарттарды кыйындаткан. Кызматкерлер ал келишимге макул болбой, кол койбой коюшту. Натыйжада иш токтоп калды. Келишимге кол койбогондон кийин алар автоматтык түрдө иштен кеткен болуп калат. Алар “кааласаңар кол коюп, биздин шартка көнгүлө, болбосо иштебей эле койгула” деп, “башка кызматкер таап алабыз” дегендей кылып жатышат да, – деди Ташматов.

Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун республикалык жетекчилиги компания жумушчулардын шартына туура келбеген жаңы келишим сунуш кылуу менен Эмгек кодексин бузуп жатканын айтып, Жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетке кайрылганы турат. Ал эми кызматкерлер алтын кенин иштеткен компания мурдагыдай маяна менен кызматка албаса, нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жатышат.

“Фул Голд Майнинг” компаниясынан жагдай боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Компаниянын генералдык директору Гун Цзегуандын мөөрү менен колу коюлуп, кесиптик кошуунга жиберилген катында болсо ишкана каржы маселесинде кыйынчылык болуп жатканы үчүн маяналарды азайтууга аргасыз болуп жатканы жазылган.

Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер болгон. Алардын 370и жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Алардын орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт. Ал алгач технологиянын начардыгынан алтын өндүрүүнү ишке ашыра алган эмес. 2016-жылдан баштап гана Иштамберди алтын кенинде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаган. Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде 40 тоннага жакын алтындын кору бар деп эсептелген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: