Сирия президенти Башар Асаддын армиясы өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Идлиб провинциясындагы стратегиялык маанидеги Синжар шаарын ээледи. Бул тууралуу жекшембиде Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө борбору жана Улуттук коргонуу күчтөрү деп аталган өкмөттүк аскерий түзүмдөн билдиришти.
Синжарды басып алуу менен Асаддын армиясы аскер аэропортуна жана маанилүү транспорттук түйүндөргө жетүү мүмкүндүгүнө ээ болду. Акыркы айларда өкмөттүк күчтөр Сирияда өз көзөмөлүнө алган аймактарды кыйла кеңейтүүгө жетишти.
Идлиб – дээрлик толугу менен Асад режиминин каршылаштарынын карамагында калып жаткан өлкөдөгү акыркы аймак. Аларды башкарууда идеологиясы жагынан «Аль-Каидага» жакын болгон «Хайят Тахрир аш-Шам» тобу үстөмдүк кылат.
6-7-январь күндөрү Чыгыш Гута аймагындагы бомбалоолордон кеминде 18 жай тургун, анын ичинде балдар мерт болду. Мындан тышкары кеминде дагы 60 киши жаракат алды. Идлиб сыяктуу эле Чыгыш Гута да көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө жана деэскалация аймактарынын катарына кирет. Укук коргоочулар Чыгыш Гутадагы аба соккулары үчүн Сирия менен Орусиянын куралдуу күчтөрүн айыпташууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ