Бүгүн, 8-январда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына N1-Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айдарбек Шакировго каршы чыккан дарыгерлер митингге чыгышып, бир нече талаптарын коюшту. Министрликтен чыккан өкүл митингичилерди министр менен жолугушууга жыйындар залына чакырды.
Митингичилер мыйзамсыз кызматтан бошотуулар жана тармактагы паракорчулук боюнча нааразычылыктарын билдиришти. Айрыкча гинекологдор 9 айдан бери ай сайын чоңдоруна 1000 сомдон “отметка” кылып келишкендерине нааразы.
Кыязы, Атамбаевден медиктердин да коркуп калган жайы бар окшойт, ал режимдин учурунда төлөгөн параларына эми Атамбаев кеткенден кийин гана үнү чыгып, жаңы режим учурунда митингге чыгышкан. 9 айдан бери унчукпай ай сайын “отметка” берип келишкен.
Митингичилер менен жолуккан министр Талантбек Батыралиев алардын талабын аткарып, N1-Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айдарбек Шакировду кызматтан алды.
Видеосун төмөнкү дарек менен Жалбырак ТВнин Ютубдагы каналынан көрсөңүздөр болот:
https://www.youtube.com/watch?v=nkb9JkTP5YM
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ