Menu

Казак драма театрынын директору пара менен кармалды

Бөлүшүү:

Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы Казак мамлекеттик академиялык драма театрдын директору Ерлан Билал пара менен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өлкөнүн антикоррупциялык кызматына шилтеме кылып кабарлашты.

Мекеменин басма сөз катчысы Нурлан Жахиндин билдиришинче, Билал театрдын базасында балдар көрсөтүүсүн өткөргөн юридикалык жактан ижара акы катары пара алып жаткан маалда кармалган. Ал күнөөсүн толук моюнуна алгандыктан, камакка алынган жок.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

47 жаштагы Ерлан Билал мамлекеттик драма театрды 2015-жылдын апрелинен бери жетектейт. Ага чейин Мусрепов атындагы Казак мамлекеттик балдар жана өспүрүмдөр академиялык театрында көркөм жетекчи болуп иштеген. Билал Казакстандын эмгек сиңирген ишмери жана бир катар мамлекеттик ордендердин ээси.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: