Лос-Анжелесте кино жана телекөрсөтүү тармагындагы тармагындагы эң маанилүү болгон “Алтын глобус” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Эң мыкты драма катары Мартин Макдонахтын “Миссури, Эббинг чек арасындагы үч билборд” тасмасы жеңишке ээ болду. Фильм мындан тышкары эң мыкты сценарий, эң мыкты аялдын жана экинчи пландагы эң мыкты эркектин ролу номинацияларында дагы биринчиликти алды. Тасмада кызынан ажырап калган жалгыз бой эненин тагдыры чагылдырылган.
“Эң мыкты драмалык сериал” номинациясында “Кызматчы аялдардын баяны” “Такта үчүн күрөш” тасмасынан озуп, сыйлыкты алып кетти. Анда башкы ролду жараткан Элизабет Мосс драмалык сериалдагы мыкты актриса аталды.
“Чет тилдеги мыкты фильм” номинациясын Германия жана Франция биргелешип тарткан “Чекте” фильми жеңди. Кыргызстандан “Алтын глобус” сыйлыгына режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” көркөм тасмасы көрсөтүлгөн болчу.
Көптөгөн америкалык актрисалар 75-жолу өтүп жаткан “Алтын глобус” сыйлыгын тапшыруу аземине киноиндустриясындагы сексуалдык зомбулукка каршы ишаара көрөтүү үчүн кара түстө кийинип келишерин билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ