Чүй облусунун Томок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу денгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери уланып жатат.
2018-жылдын 6-январында Иваницина жана 8-март көчөлөрүндө бак дарактарды кыюу иштери жүргүзүлгөн, 7-январында Слабодская, 70-жыл Октябрь жана Колхозный көчөлөрүндө дренаждык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
КР ӨКМнин Токмок шаардык бөлүмүнөн 3 адам, Жайыл райондук жарандык коргонуу кызматынан 1 экскаватор, 2 оор жүк ташуучу унаа жана 4 адам, Токмок жылуулук ишканасынан 1 экскаватор, 2 адам тартылып тазалоо иш чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ