Сауд Арабиясы Мекке жана Медина шаарларындагы башкы мечиттеринин ичин, айланасын видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салды. Бул туурасында Daily Sabah Түркия гезити Сауд Арабиянын басма сөз жана маалымат башкармалыгына шилтеме берип билдиргенин маалымдайт КМДБнын басма сөз кызматы.
Эми Мекке менен Медина шаарынын коноктору жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Медина шаарындагы Пайгамбарыбыздын (С.А.В) жана Мекке шаарындагы Аль- Харам мечитин сүрөткө жана видеого тарта алышпайт. Сауд бийликтери маалымдагандай, ал мусулмандардын ыйык жерлерин коргоого жана сактоого жардам берет, ошондой эле ажылардын ибадат кылуусуна өтө чоң пайдасын бермекчи.
Мыйзам сакталбаган учурда, сүрөткө жана видеого тартуу байкалып калса мүлктөр алынып, тарткан жаранга юридикалык чаралар көрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ