Menu

Ок атуучу куралдарды, окторду мыйзамсыз сактаган жарандар аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада ушул жылдын 5-январь күнү Кара-Балта шаарынын 21 жаштагы Ш.К. аттуу жашоочусу “ПМР-9мм” үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанчаны 4 даана 9-калибрдеги огу менен мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармашкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушуга эле катар, Панфилов районунун 35 жаштагы А.Б. аттуу тургунунун үйүн мыйзамдын негизинде текшерүү учурунда “ТОЗ-8”, “ТОЗ-12” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдардын 15 даана 5,6-калибрдеги окторун табышкан.

Ал эми, Аламүдүн РИИБне Лебединовка айылынын 61 жаштагы Б.А. аттуу жашоочусу “ИЖ-49” үлгүсүндөгү 12-калибрдеги ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырса, Кемин райондук милиция кызматкерлерине Кашкелең айылынын 24 жаштагы М.К. аттуу жашоочусу 16-калибрдеги ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырып, аны талаадын таап алгандыгын билдирген.

Алынган ок атуучу куралдар, октор тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: