Menu

КР билим берүү секторун бюджеттик жактан колдоо үчүн Европа Биримдигинин 10 млн евро гранты келип түштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине 2017-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү сектору үчүн Европа Биримдигинин бюджеттик колдоосунун алкагында 10 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттар келип түштү. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Бул – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана 2016-2017-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашырууга көмөктөшө турган жалпы суммасы 36 млн еврону түзгөн бюджеттик колдоо программасынын бир бөлүгү.

Программанын максаты – жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоого, билим берүүнүн жана педагогикалык стандарттардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик финансыларды башкарууну жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.

Андан тышкары, бул гранттык каражаттар окуу китептерин сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системасын каржылоого жана бардык мектептерде Интернетти орнотууга ж.б. жумшалат.

Ошондой эле, Европа Биримдиги бюджеттик колдоого кошумча иретинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңешке саясат маселелери боюнча сунуштарды, техникалык жардамды берет жана алар үчүн тренингдерди өткөрөт.

Европа Биримдиги ушул кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2018-жылга пландалган 10 млн евро өлчөмүндөгү үчүнчү транштын алкагында натыйжага багытталган индикаторлорду талкуулоодо. Бул реформалар жана тийиштүү индикаторлор 2016-2017-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын Иш-аракеттер планында белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: