Menu

Иштамбердиде компания менен жумушчулар бир пикирге келишти

Бөлүшүү:

Иштамберди алтын кенинде жумушчулар менен иш берген компания бардык маселелер боюнча бир пикирге келишти. Учурда жамааттык келишимди түзүү иштери башталды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттинен билдиришти.

Буга чейин ишкананын вице-президенти Чи Шуань Тань компания түзүлгөндөн бери киреше таба электигин, ошондуктан чыгымды жумушчулардын эсебинен азайтууну пландаштырып жатканын билдирген. Ал эмгек стажы үчүн ай сайын берилген кошумча акчаны, тамак-ашы үчүн төлөмдү, вахталык ыкма менен иштегендерге берилчү каражатты алып салууну сунуштаган.

Бирок Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну кошумча төлөмдөрдү алып салууну мыйзамсыз деп эсептейт. Кошуундун жетекчиси Элдар Тажибаевдин айтымында, кенчилер компаниянын азыркы абалын түшүнүү менен кабыл алып, айлык акыны көбөйтүү, жумушчуларды иштөө шартын жакшыртат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Улан Рыскулов “Фул Голд Майнинг” компаниясын кыргыз мыйзамдарын сактоого чакырды. Ал бул ишканага лицензия 20 жылдык мөөнөт менен берилгенин эске салып, ошондуктан жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүлбөгөнүн сынга алды.

“Тез арада жамааттык келишим түзгүлө. Азыр компаниянын каржылык абалы анча жакшы эмес. Эгер ал кайсы бир нерселерди төлөп бере албаса, анда аны жамааттык келишимде көрсөтүшү керек. Бирок бул мыйзамдын чегинде болушу зарыл”, – деди ал.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы менен Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну жаңы келишимдин долбоорун эми өз ара да талкуулаганы жатышат. Компаниянын вице-президенти Чи Шуань Тань өлкө мыйзамдары сакталарын убада кылды.

Иштамбердиде жалпысынан 600гө чукул адам иштейт. Ушул тушта эмгек келишими узартылбаган 370 жумушчудан сырткары 200дөй адам жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: