Menu

Катта-Талдык айыл өкмөтүндө турмуш шарты оор 22 үй-бүлөөгө 50 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

!2018-жылдын алгачкы жумасынан тартып Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндө жарыяланган кайрымдуулук айынын алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардамдар берилди. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиби Абдылда Исламов кабарлады”, – деп билдирет КМДБнын басма сөз кызматы.

Анын айтымында өткөн жылдын аягында Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн “Нур-Ислам” борбордук мечитинин жамаатынын демөөрчүлүгүндө 50 миң сомго чукул акча каражаты топтолуп, топтолгон каражатка азык-түлүк жана кышкыга жылуу кийимдер сатылып алынган.

“2017-жылдын декабрь айын айыл өкмөт боюнча кайрымдуулук айы деп жарыялаганбыз. Аталган жараяндын алкагында айыл өкмөттүн аймагындагы 9 мечиттин имамдарына тапшырмалар берилип, өз алдынча кайрымдуулук иштери жүргүзүлүп жатат. Бул демилгени колунда бар ишкерлер жана мечитке келген жарандар да колдоп, өз салымдарын кошуп жатышат. Ал эми “Нур-Ислам” борбордук мечитинде топтолгон 50 миң сомго жакын акча каражатына ун, май, күрүч, кумшекер, туз, кесме, күрүч, чай, самын жана кышкыга керектүү жылуу кийимдер сатылып алынып, атайын түзүлгөн комиссиянын сунушу менен Баш-Булак, Каратай жана Мады айылдарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана турмуш шарты оор 22 үй-бүлөөгө жардам катары бөлүштүрүлүп берилди”- деди А.Исламов.

Эскерте кетсек, мындан ары да Катта-Талдык айыл өкмөтүндө кайрымдуулук иш-чаралар ар бир айдын аягында уюштурулуп турмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: