Menu

Түркмөнстанда оорукана кызматкери катуу соккудан каза тапты

Бөлүшүү:

Түрмөнабадда балдар ооруканасында иштеген жаран катуу токмок жеп көз жумду, деп кабарлады “Азаттыктын” түркмөн кызматы.  Дарыгерлердин медициналык бүтүмүндө анын ден соолугуна байланыштуу өлгөнү жазылган. Бирок маркумдун жакындары анын мерт болушуна ак халатчандар күнөөлүү деп эсептешет.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Маркумдун досунун айтымында, Түркмөнабаддагы балдар ооруканасында иштеген Назар Хыдыровду 21-декабрда иш ордунда белгисиз кишилер сабап, андан соң үйүнө таштап кетишкен.

Хыдыров облустук ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган.

Балдар ооруканасында техникалык коопсуздук боюнча инженери болуп иштеген Хыдыровго алгач инсульт диагнозу коюлуп, үч күндөн кийин боор циррозу дартына өзгөртүлгөн.

Маркумдун досу бул окуяга катышы бар делген дарыгерлердин жана тергөөчүлөрдүн атын атады. Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматы укук коргоо органдары менен медицина кызматкерлеринен комментарий ала албагандыктан, алардын ысымдарын жарыялаган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: