Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.
«Мурда алынбай калган Польшанын 40 млн евро насыясын кайра көтөрүп, аны таза суу менен камсыз кылуу жана канализацияларды оӊдоо долбооруна жумшасак кандай болот? Алар буга макул болуп жатышат», – деди ал.
Бул маселе боюнча кабары бар экенин белгилеген экономика министри Артем Новиков өткөн жылдын декабрь айында Польшанын элчиси менен мурда алынбай калган жеӊилдетилген насыяны кайра жандандыруу жаатында сүйлөшкөнүн белгиледи. «Бирок, мурдагы келишимдин мөөнөтү февраль айында аяктайт, ошондуктан аны узартуу маселесин макулдашышыбыз керек. Экинчиден, насыя социалдык багытта жумшалууга тийиш. Эгер биз январь айынын ичинде келишимдин мөөнөтүн узартууга макулдук алсак, андан кийин өз сунушубузду бере алабыз», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ