Menu

Вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун талапкерлиги сунушталууда

Бөлүшүү:

“Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду. Анын талапкерлиги Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталууда”, – деп маалымдайт Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Депутаттар Санжар Муканбетов вице-премьер-министрликке дайындалып калса, кайсы тармакты тескей турганына кызыгышты. Андан тышкары, Өкмөткө 4 вице-премьер-министр көптүк кылары, алардын санын кыскартуу зарылдыгы айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жаӊы вице-премьер-министр экономикалык тармакты, анын ичинде кирешелер менен чыгашаларды, банк тармагын тейлей турганын белгиледи.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитет вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды.

Белгилей кетсек, Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун «Жанар» (ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катарында баштаган. Кийин Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: