Menu

Видео – Индияда “жигит ала качуу” менен үйлөнүү салты алигиче көйгөй жаратууда

Бөлүшүү:

Кыргызстанда “кыз ала качуу” салты менен үйлөнгөндөр алигиче тыйылбай, 21-кылымда да чоң көйгөй болуп келатса Индиянын айрым штаттарында алигиче “жигит ала качуу” же күчкө салып үйлөнтүү – “Pakudua Vivah” салты сакталып келаткан экен. Мындай бир фактыны Индиянын INDIA TV телеканалы жана башка ММКлар 2-январь күнү жарыялады.

Ал видеотасмада Индиянын Бихар провинциясынын Патна шаарында 29 жаштагы Винод Кумарды бир бойго жеткен кыздын жакындары ала качып келип, нике ырымдарын өткөрүп жатканы тартылган. Тасмада уурдалган жигит көз-жашы тыйылбай ыйлап, никеге көнбөй жатканы, аны кыздын жакындары алдап, сооротуп, коркутуп, алтургай күчкө салып ынандырып жатышканы чагылдырылган.

Ал жерде Винод Кумарды бир үйлөнүү үлпөтүндө тойлоп жүргөн жеринен кыздын туугандары алдап чакырып чыгып, колун кайрып алып качып кетишкен.

Кыргыздарда жигит тарап калың төлөсө, индустарда кыз тарап калың (сеп) төлөгөндүктөн кыз тарап кудалыкка түшөрү белгилүү. Анан калың(сеп) төлөй албагандары “жигит ала качууга” аргасыз болушат экен.

Бул видео массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири тарап кеткендиктен Индия полициясынын көзүнө чалдыгып, иликтөөгө алынган. Ал эми билинбей калгандары өтө эле көп болот имиш.

Ал эми төмөнкү видеотасмада индустар өздөрүндөгү “жигит ала качуу” салтын Африкадагы жана Кыргызстандагы кыз ала качуу  салты менен салыштырып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: