Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө айылдагы Тегирмен Башы 1 мечитинин имамы Имарали Султанмуратов демилгеси менен 3 миң сомдон таратылды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кайрымдуулук иш чарасын уюштурууга Орусияда эмгектенип жаткан жарандар демөөрчүлүк кылышып, анын алкагында ар бир муктаж үй-бүлөгө 3 миң сомдон таратылган.
«Муктаждарга жардам берүү боюнча Орусияда эмгектенип жаткан жарандарыбыз демөөрчүлүк кылышып, жетишинче таратып бердик. Мындай кайрымдуулуктар дагы улантылат”,- дейт Имарали Султанмуратов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ