Menu

Москвада өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки жаран Өзгөндүн Куршаб айылынан болуп чыкты

Бөлүшүү:

Москва дарыясынан жансыз денелери табылган эки эркек адам Ош облусуна караштуу, Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган жарандар болуп чыкты. Бул туурасында каза болгондордун биринин тууганы А. Молдокулова билдирди.

Анын айтымында жарандар өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын денелери кечээ, 8-январда балыкчылар тарабынан табылган.

1981-жылы туулган Муратбек жана анын досу Искендер 2017-жылдын 28-декабрында жашаган батиринен чыгып кетишкен боюнча табылбай жатышкан.

А.Молдокулованын айтымында Муратбек Москвага бир ай мурун уулунун операциясына акча топтоо үчүн иштегени кеткен.

Азыркы учурда Москвадагы мекендештер эки кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн акча топтоп жатышат.

Тийиштүү органдар иликтөө иштерин алып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: