Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас шаарындагы борбордук «Аль-Ааль Байт» мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, “Ыйман жана кулк-мүнөз” темаларында сабак өттү. Муну менен катар облус казысы кулк-мүнөздүн маанилүүлүгүн кенен түшүндүрүп, шаар тургундарынын суроолоруна жооп берди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.
«Жакшы кулк-мүнөз шариятта адал болгон нерселерди аткарууга ар дайым даяр турган жана адамдардын көңүлүнө зыян берүүдөн толук баш тарткан момун адамдын жүзү нурлантып, жаркыратып турат. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан: «Мусулман адамдын өзүнө керексиз нерселерди таштоосу, Исламдын жакшы кулк-мүнөзүнөн». Ошондой эле Алла Таала Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кулк мүнөзү жөнүндө Куранда көптөгөн аяттарда мындай деген: “Биз сени бүткүл ааламга мээрим кылуу үчүн жөнөттүк”. (Анбия, 107-аят), «Чындыгында силер үчүн да, Алланы, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Алланы көп эске алган адамдар үчүн да, Алланын элчисинде көркөм өрнөктөр бар». (Ахзаб 21). Башка бир аятта Алла Таала айтат; «…ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор, ошолор Алла сүйгөндөр !» (Ал имран 134), “Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң”. (Калам, 4-аяттар)»,-дейт өз баяндамасында облус казысы.
Ал эми шаар тургундары мындай ыймандуулукка, адеп-ахлакка үндөгөн сабактар көп болуп туруусун облус казысынан суранышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ