Menu

КРУИАда “Таза коом – жаңы доор” улуттук стратегиясынын” долбоорун талкуулоо максатындагы тегерек стол өттү

Бөлүшүү:

КР УИАда “Кыргыз Республикасын 2018-40-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча “Таза коом – жаңы доор” улуттук стратегиясынын” долбоорун талкуулоо максатындагы тегерек стол уюштурулду. Бул туурасында КУИАнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Анда Өкмөттүн жогоруда аталган программасынын иш милдеттерин аткарууда илимдер академиясынын ролу, мекеменин илимий изилдөө институттарынын сунуштай турган долбоорлору боюнча окумуштуулардын талкуусу болду.

Иш-чарада КР УИАнын президенти, академик М. Жуматаев 2040-жылга чейин каралган бул стратегияны – билим, илим жана инновацияга  негизделген коомду куруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар кыймылдаткыч күч экендигин, бул жагынан УИА жана Жогорку окуу жайлары менен биргеликте “Таза КООМ” программасын ишке ашырууда активдүү аракет ойношу керектигин айтып: “Долбоордо илимге негизделген коомду түзүшүбүз зарыл деп жазылгандай, стратегия илим-билимге негизделиши шарт. Андыктан, илимдер академиясы бүгүнкү талкууда “Кырк кадам” долбоорунун ар бир кадамына шайкеш келе турган илимий жыйынтыктарын сунуштап жатат. Буга чейин кабыл алынган “КРдагы илимди реформалоо жөнүндөгү” Концепцияда илимдер академиясы “эң жогорку мамлекеттик илимий мекеме” деп жазылгандай, анын административдик функциясын сактап калуу зарыл. Муну менен ал “Таза коом” улуттук стратегиясын ишке ашырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошо алат. Ошондой эле окумуштуулардын алдына маселелер ачык-айкын, так коюлушу керек. Эгерде окумуштуу алдына коюлган маселени даана көрүп турса, ал потенциалын  ошого жумшоого аракет жасайт” – деди.

КРнын Билим жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору Абдиманнап Муратов учурда илимдин өнүгүшүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнүндө айтып келип, талкуу тууралуу мындай оюн билдирди:

– Стратегияда илимдин ролуна чоң орун берилген. Буга чейин мурдагы илимий деңгээлибизди калыбына келтирсек деп максат коюп келген болсок, “Бел болчу билим”, “Из калтырчу илим” программалары аркылуу өнүгүү жолуна өтүшүбүз керек. Ошондой эле менин билдирүүмдө окумуштууларды реалдуу максаттарды коюп, аны ишке ашыруунун механизмдерин белгилеп алууга чакырам”, – деди.

КР УИАнын Сейсмология институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин доктору Канат Абдрахматов: “Программанын илимге тийиштүү максаттарын ишке ашыруу үчүн  мамлекет тарабынан илимпоздордун социалдык, материалдык-техникалык жактан камкордукка алынуусу каралдыбы? Эгерде каржылоо жагы өткөн жылдардагыдай болсо биз бул максаттарды ишке ашыруубуз күмөн. Нанотехнология менен алектенүү үчүн жок дегенде күчтүү компьютер, микроскоп ж.б. алышыбыз керек. Ал миллиондогон долларды талап кылат” – деп кошумчалап кетти.

Иш-чарада Академиянын президенти М.Жуматаев окумуштууларды бүгүн, 5-январда СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз ССРиндеги филиалы катары уюшулгандыгына 75 жыл болгондугу менен куттуктап кетти.

Тегерек столго УИАнын окумуштуулары, илимий-изилдөөчү мекемелердин тармактык структураларынын, ПРООНдун, ӨЭУнун, бизнес түзүмдөрдүн, ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: