Бүгүн, 9-январда КР Мамкаттоо кызматы чет элден жардам иретинде келген гранттык акчага Кыргызстандын жарандарынын чет жерге чыга турган паспортторун биометрикалык маалыматтары менен кошо басып чыгара турган жабдыктарды сатып алганын жар салып, сүрөттөрү менен кошо жарыя кылган. Ал маалыматты бүгүн түшкө чейин кыргыз ММКларынын дээрлик баары жарыялашты.
Аны менен катар Мамкаттоо кызматы кыргыз жарандарынын чет жерге чыга турган биометрикалык паспортторунун 3 түрүнүн үлгүсүн жарыялаган: жөнөкөй, кызматтык жана дипломаттык.
Дипломаттык паспорттун кыргызча жазылышы “Дипоматтык” болуп, л тамгасы жок бекитишкен.
2011-жылдан бери, Атамбаев доорунда көптөгөн мамлекеттик документтер одоно грамматикалык каталар менен басмаканалардан басылып чыгып, элге тарап кетип чоң ызы-чууларга алып келген. Мисалы, “Учкун” басмаканасына КСДПнын активдүү мүчөсү Рыскелди Момбеков директор болуп баргандан кийин кыргыз жарандарынын Туулгандыгы тууралу жана Нике тууралу күбөлүктөрү одоно каталар менен басылып чыга баштаган. Ал ызы-чуу Жогорку Кеңеште да чоң талкууну жаратып, акырында ал документтер райондордон кайра артка чакыртылып алып, кайра басылган. Ушундай эле каталар кийин Айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди басууда да кетирилген.
Кечээ, КР өкмөтүнүн аппаратынын бир бөлүмү документтерди каталар менен даярдап, Евразиялык экономикалык биримдиктин алдында Кыргызстанды уятка калтыргандан кийин кызматтарынан алынды.
Мунун баары акыркы 7 жылда кыргыз бийлигинин аппаратына билимсиз кадрларды жердештик, тууганчылык мамилелер менен кызматка алып келатышкандыгынын натыйжасы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ