Menu

Жумуш ордунда уктап калган аткаминер: мага дары берип уктатышкан

Бөлүшүү:

Интернетте “ичимдик ичип, кабинетинде уктап жатканы” тасмага тартылган Ноокат райондук статистикалык каттоо кызматынын башчысы Расулбек Ташов окуя боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, тасма президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары тарабынан каралоо максатында тартылган.

– Мен ал күнү шире ичкем. Ширеге каршылаштарым димидрол кошуп коюшуптур. Бул тасма мени каралоо максатында тартылган. Мен эч кандай ичимдик ичпейм. Жанымдагы милиция кызматкери эмес, карапайым эле адам болчу, – деди Ташов.

Ал “каршылаштарым” деп райондук статкомдун мурдагы башчысы Байыш Дубанаевдин убагында иштеген өзүнүн кызматкерлерин айтып жатат.

Бүгүн Интернетке Расулбек Ташовдун кабинетинде эки адамдын коңурук тартып уктап жаткан видеосу жарыяланган. Ал тасмада уктап жаткан адамдардын жанында ичимдиктин, ширенин бөтөлкөсү көрсөтүлгөн. Айрым маалымат каражаттары Ташовдун жанында уктаган райондук милициянын башчысы экенин жазышкан. Бирок Ош облустук милициясынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарова бул маалыматты төгүндөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: