Menu

2017-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 370,6 млн сомго 208 долбоор каржыланды

Бөлүшүү:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржылоого берилген билдирмелерге ылайык, 2017-жылы «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен 370 млн 635,6 миң сомго 208 долбоор каржыланды. Бул туурасында Финансы министрлиги маалымат таратты.

Дем берүүчү гранттардын каражаттары региондорго төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

стимгрант_кырг

п/п Региондордун аталышы 2017-жылдын  30-декабрына карата
Объекттердин саны Дем берүүчү гранттын көлөмү(миң сом)
  Республика боюнча бардыгы 208 370 635,6
  анын ичинде:    
1 Жалал-Абад областы 42 78 057,6
2 Ош областы 29 48 546,6
3 Чүй областы 33 56 995,2
4 Нарын областы 26 44 088,6
5 Ысык-Көл областы 37 60 390,1
6 Баткен областы 26 49 190,3
7 Талас областы 15 33 367,2

Каражаттар категориялар боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

п/п Категориялар 2017-жылдын  30-декабрына карата
Объекттердин саны Дем берүүчү гранттын көлөмү (миң сом)
1 Мектептер 65 104 121,0
2 Бала бакчалар 41 68 004,6
3 Маданий маанидеги объекттер 19 36 450,1
4 Саламаттык сактоо объекттери 9 18 306,8
5 Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объекттери 35 68 497,4
6 Спорт объектилери 27 51 062,6
7 Администрациялык маанидеги объекттер ж.б. 12 24 193,1
  Бардыгы 208 370 635,6

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар –  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен жана башка тартылган каражаттар долбоордук-конкурстук негизде республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары.

«Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 500 млн сом каралган.

2017-жылы ишке ашырууга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 22-мартындагы протоколуна ылайык 210 долбоор бекитилген, анын ичинен толук көлөмдө 193 долбоор аяктады.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен, бөлүп-бөлүп берилет.

2017-жылы жумуштарды жасоого түзүлгөн контракттардын жыйынтыгы боюнча 210 долбоордун 208и боюнча өткөрүлгөн тендердерге ылайык үнөмдөлгөн каражат 127 млн 691,4 миң сомду түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: