Menu

Санжар Муканбетовду Жогорку Кеңеш вице-премьерлик кызматка дайындады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин жактырды. Ал жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган мурдагы вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталууда. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Депутаттар Санжар Муканбетов вице-премьер-министрликке дайындалып калса, кайсы тармакты тескей турганына кызыгышты. Андан тышкары, Дастанбек Бекешев, Рыскелди Момбеков сындуу бир катар депутаттар талапкердин мыкты адистердин бири экенин белгилөө менен бирге, бир Өкмөт үчүн 4 вице-премьер-министр көптүк кыларын, алардын санын кыскартуу зарылдыгын айтышты. «Мисалы, кесиби зоотехник вице-премьер чек ара маселесин кантип тескей алат?», – дейт Р.Момбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жаӊы вице-премьер-министр экономикалык тармакты, анын ичинде кирешелер менен чыгашаларды, банк тармагын тейлей турганын белгиледи. «Мен деле мурда ошондой ойдо болчумун, бирок Өкмөттүн ишине аралашканы, бизге 4 вице-премьер-министр керек экенине көзүм жетти. Иш көп, жоопкерчилик да жогору, алтургай, жетишпей жатабыз», – дейт ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Санжар Муканбетовду жаӊы кызмат орду менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Санжар Муканбетов чоӊ ишеним көрсөтүп жатканы үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтып, мындан ары да кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Белгилей кетсек, Санжар Муканбетов 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин «электроника инженери» адистиги боюнча, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун «Жанар» (мурдагы ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катары баштаган. Кийин «Дастан» ишканасында, Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: