Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарында кыргыз тамак-аштарын жасаган кафе ачылды. Аны кыргызстандык үч мигрант кыз ачты. Кыздар “Береке” кафесин ачууга зарыл каражатты бир нече жылдап түрк үй-бүлөлөрдө бала багып жүрүп топтошкон.
Азыр ал кафе кыргыз жарандары гана эмес, түрктөр самап барып тамактанган жайга айланды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ