Menu

Казакстан Кыргызстандан кондитердик азыктарды алып кирүүгө кайрадан уруксат берди

Бөлүшүү:

Казак бийлиги Кыргызстандан кондитердик азык-түлүктөрдү алып кирүүгө жана сатууга киргизилген чектөөлөрдү жойду.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкы сактоо комитети тараткан билдирүүгө караганда, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги “санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды” жүргүзгөнү жана “Куликовский кондитердик үйү” ишканасына карата “көзөмөлдү күчөткөнү” чектөөлөрдү алып салууга себеп болгон.

Комитет талапка төп келбеген продукцияларды сатуу тобокелчилигин төмөндөтүү үчүн жогорудагы ишканалардын товарларынын коопсуздугуна байкоо жүргүзүүнү улантарын белгилеген. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимине жараша жүзөгө ашат.

Ноябрда “техникалык регламент талаптары бузлган” деген жүйө менен Кыргызстандан Казакстанга сүт, эт жана кондитердик продукцияларды алып кирүү токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: