- Ысык-Көл районунун 26 жаштагы М. А. аттуу жашоочусунун үйүн мыйзамдын негизинде текшерүү учурунда 11 даана 5,45-калибрдеги октор табылып алынган. Бул туралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Андан тышкары, Кара-Суу районунан Кыргыз-Чек айылынын аймагында 50 жаштагы Ы.Р. аттуу Каарман айылынын тургуну 1956-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен кармалган. Текшерүү учурунда алынган ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Алынган ок атуучу курал менен октор баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Эскертип кетсек, эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ