Menu

Мирзиёев Интернетти ылдам жана арзан кылууну тапшырды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Интернетти ылдам жана арзан кылууну тапшырды. Бул тууралуу ал Өзбекстандагы маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

Жыйынга Өзбекстан премьер-министри, анын орун басарлары, өкмөт мүчөлөрү катышты.

“Мага биздин өлкөдө 20 миллион киши Интернет колдонорун айтышты. Бирок кызмат көрсөтүү чектелүү болгондуктан, калктын басымдуу бөлүгү “Telegram” колдонушат”, – деди Шавкат Мирзиёев.

Жыйында белгилүү болгондой, КМШ өлкөлөрүндө Интернеттин орточо ылдамдыгы Өзбекстанга караганда 10 эсеге көп. Байланыш операторлору телекоммуникациялык түйүндөрдү алыскы аймактарда жеткиликтүү кылууга аракет жасабай жатканы белгиленди.

Президент Мирзиёев Интернетке болгон бааны төмөндөтүүнү, ылдамдыгын кеминде 4 эсеге жогорулатууну, ал эми 2020-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн деңгээлине жеткирүүнү тапшырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: