Menu

Сооронбай Жээнбеков Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аймактардын жашоочулары менен жолугушууларын алыскы тоолуу аймак – Нарын облусунун Жумгал районуна баруудан баштады.

Бүгүн, 10-январда, Жумгал районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда мамлекет башчысы өзүнүн президенттик кызматка талапкер катары эл менен болгон жолугушууларын Жумгалдан баштаганын эскертти. “Президенттик жарышка Сиздердин ак батаңыздар менен аттанганмын. Эми Президент катары эл менен болчу жолугушууларымды Жумгалдан баштап олтурам. Мага ишеним көрсөтүп, колдоп бергениңиздерге зор ыраазычылыгымды билдирем”, – деп Сооронбай Жээнбеков жумгалдыктарга кайрылды.

Ал аймактарды жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча шайлоо алдындагы берген убадалардын бардыгын аткара турганын белгиледи. “Мен үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок”, – деди Президент.

Ал Жумгал жергесинен кыргыздын тарыхында, маданиятында аты алтын тамга менен жазылып калган залкарлар – Байзак Баатыр, Качыке Баатыр, Медет Датка, Кашкар Баатыр, сөздүн пири Куйручук олуя, ак таңдай акын Калык Акиев, кыргыз маданиятынын чолпон  жылдыздары –  Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Бүбүсайра Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Мидин Алыбаев, жана башка көптөгөн таланттуу уул-кыздар чыкканын белгиледи.

Мамлекет башчысы карапайым кыргызстандыктардын жашоо-турмушунун негизинде жазылган өзүнүн шайлоо алдындагы программасы жөнүндө эскертти. “Менин шайлоо алдындагы программамды ишке ашырууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда эксперттик топ Кыргыз Республикасын  2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгып бүтүп калды. Бул Стратегияга менин шайлоо алдындагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча программамдын багыттары да кирет”, – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы президенттик ишинин эң негизги багыты –  коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантуу болоорун белгиледи. “Ал күрөштүн башкы маңызы – Кыргызстанда кол тийгистер болбош керек,  мыйзам баарына бирдей, мыйзам алдында баары тең жоопкер. Элди башкарам, жетекчи болом дегендер биринчи кезекте өздөрү таза болушу керек. Өзүң таза болгондо гана өзгөдөн тазалыкты талап кыла аласың. Акыркы алты жылда элдин бийликке болгон ишеними кайра жаралды. Биздин милдет – ушул ишенимди бекемдөө”, – деп белгиледи Президент.

Ал эмки айда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши өтүп, анда коррупция маселесине атайын көңүл бурулуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынаарын билдирди.

Жолугушууда жумгалдыктар жергиликтүү бийликтин жумушундагы ашыкча бюрократияны жоюу, жумушчу орундарын түзүү, коррупциялык элементтерди жок кылуу, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу, Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун долбоору, каналдарды, ирргигациялык курулуштарды, жол, мектеп, оорукана, бала бакчаларды куруу, жеткиликтүү насыяларды алууда жергиликтүү ишкерликти колдоо боюнча суроолорду беришти.

Сооронбай Жээнбеков суроолорго жооп берип жатып, ал кол койгон “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлык бул маселелерди пландуу чечүүгө шарт түзүп бере турганын белгиледи. “Бул жумуш бир жылда эле бүтө калбайт, бирок акырындап, планга ылайык, биз керектүү инфраструктуралык курулуштарды жана социалдык объектилерди курабыз, аймактарды өнүктүрүү жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашырабыз”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы жана жергиликтүү бийликти жер-жерлердеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө чакырды.

Ал бардыгын таза коомду курууга жооптуу болууга чакырды – катардагы жарандан Президентке чейин. “Элдин жардамы болмоюнча жалгыз Президенттин колунан эч нерсе келбейт. Келгиле, кайдыгер карабай, биргелешип таза коом куралы. Мамлекеттин бардык тармактарында башталган реформалар улантылат”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: